super.kg logo

Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Эпштейнге байланыштуу кызматынан бошотулду

 

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШдагы элчи Питер Мандельсонду кызматынан бошотту.

Мындай чечимге Мандельсондун америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен байланыштары себеп болгон.

АКШда шейшемби күнү Эпштейндин 2003-жылдагы 50 жаш мааракесине арналган досторунун белеги, тагыраагы, куттуктоолор альбому жарыяланды. Анда Мандельсондун да жазуусу болуп, ал Эпштейнди "эң жакын досум" деп атаган. Ошондой эле саясатчы Эпштейн кыздарды сатуу боюнча күнөөлүү деп табылгандан кийин да байланышын үзбөгөнү белгилүү болгон.

Альбомдо Эпштейнге арналган башка каттар да бар, алардын ичинде АКШ президенти Дональд Трампка таандык деп айтылган жазуу кездешет. Бирок Ак үй башчысы бул маалыматты четке кагууда.

Белгилей кетсек, шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Стармер Мандельсондун АКШдагы элчи болушун колдогон, анткени ал Дональд Трамптын айланасындагы адамдар менен жакшы байланышта экени айтылып келген.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: