"Ден соолугуна коркунуч жаратат". Франциянын депутаты TikTok платформасын сынга алды
Франция парламентинин депутаты жана тиешелүү комиссиянын башчысы Артур Делапорт TikTok социалдык тармагы боюнча прокуратурага кайрылганын билдирди. Анын айтымында, комиссиянын иликтөөсү көрсөткөндөй, TikTok колдонуучулардын ден соолугуна жана жашоосуна атайын коркунуч жаратып келет.
Комиссия TikTok тиркемесин жашы жете электерге психологиялык таасирин, өзүн-өзү өлтүрүүгө чакырган, өзүнө зыян келтирүүгө үндөгөн, жан-жаныбарларга карата зомбулук көрсөтүүгө, ошондой эле экстремизмге байланыштуу иликтөөлөрдү жүргүзгөн.
Депутат тиркеменин жетекчилигин бир катар "укук бузууларды" жасады деп айыптады.
Буга чейин апрель айында Франциянын мурдагы премьер-министри жана депутат Габриэль Атталь 15 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салууну, 18 жашка чейинкилер үчүн түнкү убакытта чектөөнү сунуштаган. Ал интернет платформаларын "кызыктуу эмес кылуу" максатында 30 мүнөттөн кийин интерфейсти кара–ак режимге өткөрүү сунушун да айткан.
Июнь айынын башында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Евробиримдик мындай тыюу салбаса, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу саларын жарыялаган.
