Непалдагы нааразылык учурунда келтирилген чыгымдын көлөмү айтылды
Непалдагы нааразылык акциялары учурунда инфраструктурага келтирилген зыян 1,4 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Khabarhub порталы билдирди.
"Көпчүлүк курулуштарды жаңыртуу мүмкүн эмес, аларды жөн эле оңдоп, кайра колдонууга да болбойт. Аларды калыбына келтирүүгө 1,4 миллиард доллардан ашык каражат талап кылынат", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Непалда жаштардын кеңири катышуусунда нааразычылык акциялары өтүүдө. Буга өкмөттүн YouTube, X (Twitter), Facebook, Instagram, WhatsApp сыяктуу жыйырмага жакын популярдуу социалдык тармактарга жана мессенжерлерге бөгөт койгон чечими себеп болгон.
Бирок бийлик бул чечимди жокко чыгаргандан кийин да митингдер токтогон жок. Демонстранттар санарип эркиндиктерден тышкары коррупцияга каршы күрөшүү, терең системалык реформаларды жүргүзүү жана өкмөттүн толук ачыктыгын камсыз кылууну талап кылышууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардан 34 адам курман болуп, болжол менен 1000дей адам жаракат алды.
9-сентябрда Khabarhub маалымдагандай, нааразычылык акциялары маалында митингчилер экс-премьер Шера Деубуга жана анын жубайына жана каржы министри Прасад Пауделге кол салышкан. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер, анын ичинде парламент менен Жогорку Соттун имараттары, бийликтин айрым өкүлдөрүнүн резиденциялары чабуулга кабылып, айрымдары өрттөлгөн. Окуяга байланыштуу өкмөт башчысы, өлкө президенти отставкага кеткен.
