super.kg logo

Катар Израилдин соккусунан кийин АКШ менен өнөктөштүгү тууралуу айтылган маалыматты четке какты

 

Катар бийлиги Израилдин Дохадагы соккусунан кийин АКШ менен коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кайра караштыруусу тууралуу интернетте тараган маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу Катардагы Эл аралык маалымат кеңсеси билдирүү таратты.

"Axios порталынын маалыматына ылайык, Доха АКШ менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын кайра карап жатат деп айткан маалымат негизсиз жана Катар менен АКШнын тыгыз мамилесине зыян келтирүүгө умтулган аракет", — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Маалыматта эки өлкөнүн коргонуу жана коопсуздук жаатындагы байланышы "эч качан мынчалык бекем болгон эмес" деп белгиленип, ал мындан ары да бекемделе турганы айтылат.

Эске салсак, 9-сентябрда Израил Дохадагы ХАМАС уюмунун жетекчилигинин штабына сокку урган. Катар бийлиги бул окуяны «коркунучтуу кол салуу» деп атаган. Араб лидерлери Катарга колдоо көрсөткөн. АКШ президенти Дональд Трамп Дохадагы операциянын АКШнын да, Израилдин да кызыкчылыгына жооп бербестигин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: