super.kg logo

Польша Беларус жана Орусия менен чектешкен аймагына 40 миң аскерин жөнөтөт

 

Польша бийлиги жакынкы күндөрү Орусия жана Беларус менен чектешкен чек арага болжол менен 40 миң аскерди жиберүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министрлигинин орун басары Цезарий Томчик билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Мына ушул [аскердик машыгуу] Украинадагы согуштун башталышына себеп болгон. Ошондуктан польшалык аскерлер ага даярдык көрүүдө. Жакынкы күндөрү чек арада биздин болжол менен 40 миң аскерибиз болот", — деди Томчик.

Анын айтымында, бул Орусия менен Беларуcтун "Батыш-2025" аскердик машыгууларына жооп болуп саналат.

Москва жана Минсктин биргелешкен машыгуулары 12–16-сентябрь күндөрү Беларуcтун аймагында өтөт. Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов билдиргендей, машыгуу толугу менен коргонуу максатында жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: