super.kg logo

Швеция Украинага 7,5 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтөт

 

Швециянын коргоо министри Пол Йонсон билдиргендей, аталган өлкө алдыдагы эки жыл ичинде Украинаны колдоо үчүн 7,5 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул каражаттын негизги бөлүгү Швециянын курал-жарак башкармалыгы аркылуу өзү жүрүүчү артиллериялык жабдуулар Archer жана башка куралдарды сатып алууга жумшалып, кийин Украинага өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары Йонсон Швеция Польшага да аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Биз Польшанын Коргоо министрлиги менен байланышып, эгерде Польшага зарыл болсо, ресурстарды берүүгө даяр экенибизди билдирдик", — деди ал.

Эске салсак, 10-сентябрга караган түнү орус дрондору Польшанын аймагына киргени кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери Украинанын аскердик өнөр жай объектилерин аткылаганын билдирип, дрондордун максималдуу учуу аралыгы 700 чакырымдан ашпасын белгилеген. Польшага союздаш көптөгөн мамлекеттер жардам берүүгө даярдыгын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: