super.kg logo

Жалал-Абадда унааларга керектүү химиялык каражаттарды мыйзамсыз өндүргөн цех табылды

 

Жалал-Абад шаарында автоунаалар үчүн химиялык каражаттарды өндүрүп келген мыйзамсыз цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз цех салыкчылар менен милиция кызматкерлеринин биргелешкен рейддик көзөмөл учурунда аныкталган. Цех калк жыш жайгашкан "Спутник-22" турак жай конушунда жайгашкан. Бул өз кезегинде калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган. Ошондой эле өрт чыгуу же жарылуу коркунучу жогору болгон жана өндүрүштүк иш-аракеттерге ылайыкташтырылган эмес.

Цехтин имаратынан болжол менен 45 тонна техникалык спирт болуп саналган түссүз суюктук табылган. Андан сырткары, көп сандагы этикеткалар, капкактар, таралар жана сатууга даярдалып жаткан продукциялар, анын ичинде антифриз, айнек жуугуч суюктук жана башка техникалык каражаттар алынган. Ишкананын химиялык өндүрүмдөрдү өндүрүүгө уруксат кагазы болгон эмес.

Өндүрүлгөн продукция мотор майын алмаштыруу түйүндөрү жана белгилүү бренддердин атын жамынып, унаа тетиктерин сатуучу жайларда сатыкка коюлуп турган.

Салык кызматы факт боюнча материалдар соттук экспертизаны жана укуктук баа берүүнү жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин кошумчалады.






Жалал-Абадда мыйзамсыз унааларга керектүү химиялык каражаттарды өндүргөн цех табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: