Погонун жулуп, сөгүп... Чүйдө милиция кызматкерлерине каршылык кылууга шектүү кармалды
Панфилов районунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө шектелип 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-сентябрь түнү Эркин-Сай айылында Mazda үлгүсүндөгү унаа милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, оозго алгыс сөздөрдү айтып, милиция кызматкеринин погонун жулуп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалган соң милиция бөлүмүнө жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөндө мас абалда болгону тастыкталган. Ал убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүйдө милиция кызматкерлерине каршылык кылууга шектүү кармалды



