Алайдын жайлоосунда 170тен ашуун боз үй тигилип, улуттук оюндар өтүүдө (видео)








Ош облусунун Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар башталып, этно-шаарча түптөлдү. Ал жерге 170тен ашуун боз үй тигилип, улуттук оюндардын тандоо турлары кызуу жүрүп жаткандыгын облус жетекчилигинен билдиришти.
Иш-чараларга президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев барып катышты.
Жайлоодо ордо, тогуз коргоол”, алыш бел боо күрөшү жана Салбуурун оюндары өтүп жатат. Бүгүн, 12-сентябрда финалдык беттештер орун алат. Улуттук оюндарга катышуу үчүн 7 облустун мыктылары барышты.
Алайдын жайлоосунда 170 боз үй тигилип, улуттук оюндар өтүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.