Бразилиянын мурдагы президенти 27 жылга соттолду
Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонаруну мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп таап, аны 27 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу G1 порталы жазды.
Сотто Болсонару куралдуу кылмыштуу уюмга катышуу, демократияны күч менен кулатууга аракет кылуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу жана мамлекеттик мүлккө, корголуучу маданий баалуулуктарга зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылды.
Маалыматка караганда, бул - Бразилия тарыхында биринчи жолу мурдагы президент мамлекеттик төңкөрүш иши боюнча соттолушу. Учурда Болсонару соттун мурдагы чечимдерин бузганы үчүн үй камагында турат.
Соттун билдирүүсүндө ал азыркы президент Луис Инасиу Лула да Силва менен вице-президент Жералду Алкминге кол салуу планы жөнүндө билген деп айтылат.
