super.kg logo

Франция Польшадагы НАТО'нун абадан коргоо системин күчөтүү үчүн Rafale учактарын жөнөтөт

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын учкучсуз аппараттары Польша аба мейкиндигин бузгандан кийин, бул өлкө үстүндөгү НАТО'нун абадан коргонуу системин бекемдөө максатында үч Rafale согуш учагын жөнөтөрүн билдирди. Бул тууралуу Макрон социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Маалыматка ылайык, Польша аба мейкиндигин коргоо боюнча НАТО баш катчысы Марк Рютте, Улуу Британиянын премьери Кир Стармер жана Польшанын премьери Дональд Туск менен сүйлөшкөнүн белгиледи.

Польша куралдуу күчтөрүнүн операциялык командачылыгы билдиргендей, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында 10-сентябрдан 9-декабрга чейин Беларусь жана Украина менен болгон чыгыш чек ара аймактарында аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизилди.

Эсчке салсак, Польша 10-сентябрда Орусиянын Украинадагы бутага жасаган чабуулдары маалында аба мейкиндигин бир нече ирет бузган айрым учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн билдирген.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы аскердик объекттерге чабуул жасалганын, бирок Польшадагы объекттер бутага алынбаганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: