super.kg logo

Тишин сындыра чапкан... Ысык-Атада сабалган кыздын окуясы боюнча жактоочу билдирүү жасады (видео)

 

Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы "Ысык-Ата" санаторийинде 26 жаштагы кызды туулган күнүндө ур-токмокко алган деген шек менен 21 жаштагы жигит кармалганын билдирди.

Окуя тууралуу жабырлануучунун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирүү таратты. Анда сабалган кыздын айтуусу боюнча окуя сүрөттөлдү. Каргашалуу окуя 18-августта жабырлануучунун туулган күнүн белгилөө учурунда болгон.

"Биз кичинекей үйлөрдү ижарага алып, кечинде от жагып турган жигиттердин компаниясына бардык. Биз алардан отубузду күйгүзүп алууга газ баллонун сурадык. Бирок алардын арасында отурган оронгон кыз сөгүп жооп берди. Пикир келишпестик тез эле чоң урушка айланып, алгач биз менен барган бир кызды урушту. Мен курбума жардам берип жатканда алардын арасынан чыккан бир бала чуркап келип, мени бир нече ирет муштап жиберди. Мен ошондо эс учумду жоготтум",- деген жабырлануучу.

Натыйжада сабалган кыздын баш мээси чайкалып, мурду сынып, көзү жабыркап, эки тиши түшүп калган.

"Мен 14 күн ооруканада жаттым, алдыда кыйын жана кымбат операциялар турат. Учурда бардык жерим ооруп жатат. Бирок сабаган жаран жазадан качып, алгач ооруканага жатып, милицияга бизге карата арыз берүүгө жетишкен",- деп кошумчалаган ал.

Ал эми жактоочу сот органдарынан адилеттүү чечим чыгарып берүүнү суранууда.






Ысык-Атада сабалган кыздын окуясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: