Маркум дааратканадан табылган... Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы жигит кармалды (видео)
Лебединовка айылында адам өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя июнь айынын 12синде болжол менен саат 05:30 чамасында болгон. Анда айылдагы үйлөрдүн биринде шектүү спирт ичимдигин ичип отурушуп, чырдаша кеткен жаранды моюнга жана көкүрөккө бир нече жолу бычак менен сайган. Натыйжада ал адам ошол жерде көз жумган.
Андан соң шектүү кылмышын жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн үйдүн короосунда жайгашкан дааратканага салып таштаган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө өспүрүмдүн көрсөтмөсү менен окуя болгон жер текшерүүгө алынган. Маркумдун сөөгү дааратканын ичинен чириген абалда жана зордук-зомбулуктун белгилери менен табылган.
Соттун чечими менен шектүү камакка алынды. Тергөө иши аяктап, материалдар соттук кароого жөнөтүлдү.
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы жигит кармалды



