Бишкекте алты тилкелүү жол ачылды
Бишкекте Курманжан датка көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ошентип Курманжан датка көчөсүндө Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейинки кыймыл толугу менен жанданды.
Азырынча тротуарлар, веложол жана көчө жарыктарын коюу иштери бүтө элек.
Белгилей кетсек, бул жол алты тилкелүү болуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана велосипед жолдору курулат.
Бул долбоор шаар тургундары менен айдоочулар үчүн коопсуздукту жогорулатууга жана жол кыймылын жакшыртууга багытталган.
Видео: @shumkarbek.maratov
Бишкекте алты тилкелүү жол ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.