super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Жубайлардын кимисин биринчи ооруканага жиберишти билбей..."

 

Өзгөчө кырдаал болгондо эң алгач жардамга шашкан адамдар - бул куткаруучулар. Алардын эмгеги көп учурда көзгө көрүнбөйт, бирок эң оор учурларда адамдардын өмүрүн сактап, чоң жоготууларды алдын алат. Кыштын ызгаарында кар көчкүнү жара чаап өтүп, жайдын аптабында селдин толкунуна каршы туруп, өрттүн ичинен адамдарды алып чыккан куткаруучулардын иши чыныгы эрдик эмей эмине. Бул кесип жөн гана кызмат эмес, бул өмүрүн тобокелге салып, башкаларга кол сунуу менен жашоону тандаган инсандардын жолун айкындоочу улуу милдет.

Дал ушул көмүскөдөгү эрдигин көрсөтүп, өз милдетин мүдөөсүнө жеткирип жүргөндөр жөнүндө жазбай коюуга мүмкүн эмес. Аларды жасаган эмгеги коомчулуктун алкоосуна татыйт.

Порталыбыздын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаары жана Нарын райондук мекемесине караштуу №16-Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы Манап Калыбеков конокто. Ал таасирдүү окуялары менен бөлүшүп өттү.

Манап Калыбеков 1994-жылдын 16-августунда Нарын районуна караштуу Куланак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүтүрүп, Жогорку окуу жайын аяктаган соң, өзү туулуп өскөн аймактын элине пайдасы тийсин деген максатта Нырынга барып, 2017-жылдын сентябрь айынан тартып кызмат өтөөдө. “Куткаруучу гумандуу кесип” демекчи, куткаруучу болууну, деги эле аскердик кийим кийип, эли-жерине кызмат кылууну кичинесинен кыялданып, учурда ишке ашырып отурат.

- Сиздин жумушуңуздагы эң негизги милдеттер кайсылар?

- Биздин, эң негизги милдетибиз берген антыбызга бекем туруу. Командирлер жана башчылар койгон тапшырмаларды так жана өз убагында аткаруу. Элибизде “Кырсык каш-кабактын ортосунда” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары кырсык айттырбай келээри баарыбызга белгилүү. Кырсыктардан Кудай сактасын, болбой эле койсун элибизде, бирок биздин кызматта күжүрмөн нөөмөттө турган кезде 1 мүнөттөн кийин эмне болуп кетээрин билбейбиз. Биздин милдет кандай гана өзгөчө кырдаалдардын түрү болбосун ар дайым даяр туруу. Куткаруу ишинде акыл менен иштебесең кесепети жаман болуп калышы мүмкүн. Андыктан кыраакылык көп талап кылынган кесип.

- Эсиңизде калган эң татаал куткаруу операциялары тууралуу айтып бересизби?

Негизинен бизде өрт өчүрүү жана куткаруу иштери көп тармактуу:

  • Өрттү өчүрүү
  • Издеп куткаруу иштери
  • Тоодон куткаруу иштери
  • Суудан куткаруу иштери
  • Авариялык куткаруу иштери

Жогоруда айтылган ар бир куткаруу иштерин аткарууда, ар кандай кыйнчылыктарга жана эсте калаарлык окуяларга туш болуп келебиз.

Бир үй-бүлөнүн тирөөчү кулап...

2024-жылы кыш айларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсык катталды. Анда жеңил унаа оор жүк ташуучу унаа менен катуу сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү, башкача айтканда аялы менен күйөөсү биз барганда оор акыбалда жатышыптыр. Аркабыздан келген "Тез жардам" кызматынын унаасына бир эле жабырлануучуну салууга мүмкүн эле, дароо экинчи экипажын чакырдык. Экөөнө тең жардам керек, экөө тең оор абалда. Мен үчүн ошол мүнөттөр кыйын болду. Анткени кимисин биринчи салып жиберүү керектигин ойлоп бушайман болдум. Өмүр менен өлүм алышып жаткан учурда, кеңешип туруп, аялды биринчи "Тез жардам" унаасы менен кетирдик. Анан эле экинчиси келип жолдошун алып кетти. Тилекке каршы арадан көп өтпөй эки жабырлануучу тең көз жумушуптур, ыймандары саламат болсун! Айттырбай келген кырсыктан бир үй-бүлөнүн жөлөктөрү жок болду, ичим ачышты...

Тамекиден чыккан өрт, ата-баланын пикир келишпестиги

3-4 жыл мурун болгон окуя менен бөлүшүп кетейин. Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде өрт чыкты деген билдирүү келип, аны өчүрүүгө барганбыз. Батирге кирсек жалын баттан тарап, жылуулук системасындагы аба чыгарган бурамайы күйүп түшүп калыптыр. Натыйжада ал жактан кайнаган суу чыгып, сыртка жайыла баштады. Бирибиз сууну токтотуп, экинчибиз жан үрө электр энергиясын өчүрүүгө шаштык. Так ошол подъезддин электр энергиясы өчпөй, айлабызды кетирди. Калганыбыз өрттү өчүрүп, кошуналары ызы-чуу түшүп жатып калдык. Эмнеси болсо да жарандарды эшикке чыгаралы деп ысык суудан өтө албай жаткандарды көтөрүп ташый баштадык. Анткени ысык суудан эч ким баса албайт, бизде болсо атайын өтүктөр бар. Ошол учурда өрт чыккан батирдин ээси уул менен уруша кетип, эшикти бекитип алышыптыр. Ачкыла дегенге көнүшпөйт. Эмеректер азыр бир аз от түшсө эле жалын каптап жатып калат. Коркунучтуу. Өрт толук өчүп бүтпөгөнгө алардан санаркап, эшигин талкалап кирүүгө туура келди. Милиция ата менен баланы тергөөгө алып кетти, биз түнү кычыраган кышта ошол жердеги жашоочулар менен жылуулук түтүгүнөн чыккан сууну тазалап, подъезд жууп, таң атканда үйгө келгенбиз. Ушул окуялар 15 мүнөттүн ичинде болду, бирок түмөн түйшүк жаратты. Өрт кайдыгерликти кечирбейт да.

Ажатканга түшүп алган соттолуучу

Бир жолу кышында райондун ички иштер бөлүмүнө чакыруу түштү. Барсак соттолгон жаран өзүнө кол салуу максатында ажатканага атайын түшүп алыптыр. Ал өзү арык, боюу узун киши экен. Тешигинене батып кетиптир, аркан салсак чыкпайм деп көнбөйт. Акыры жарым саат алышып, бетине жарыктан берип туруп, аркан менен тартып чыктык. Кыштын ызгаардуу күнүндө үшүгөнүбүз аз келгенсип, ал жердеги жытты сөз менен айтып жеткире албайсың. Бизге соттолуучубу, жөнөкөй адамбы, кызматтагы чоңбу айырмасы жок. Биз куткаруучубуз.

Жардам бер деп жалдыраган эле адам....

Бишкектен келе жаткан унаа Нарындын кире беришинде башка унаа менен сүзүшүп, жардам берүүгө барып калдык. Эки унаада жабыркагандардын саны 10 экен. Үрөй учурайт. Алардын экөө жеринде каза болгон. "Тез жардам" унаасына бир жабырлануучун салып жиберип, айла жоктон, калгандарын алган жараттын жеңилдигине карап жөнөкөй унааларга бөлүштүрүп салдык. Жаңы барганда мага жардам берчи деген эле адам, колуңдан келсе ошол кырсыкты болтурбай койсоң ээ. Бирок андай эмес экен да...

- Бул кесиптин эң жакшы жактары жана кыйынчылыктары кайсылар?

Бул кесиптин эң жакшы жактары болуп:

  • Кырсыктардын алдын алууда жана өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө куткаруучулар негизги ролду ойнойт.
  • Кесип мүнөздү чыңдайт, өзүн-өзү кармай билүүнү, чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту талап кылат жана байкоочулук жөндөмдөрүн жана татаал аймакта тез багыт алуу жөндөмүн өрчүтөт.
  • Куткаруучулар өздөрүнүн иш-аракеттеринен чыныгы өзгөрүү болорун билип, өздөрүн керектүү жана маанилүү сезишет.
  • Кызмат күнүмдүк окутууну жана кесиптик чеберчиликти системалуу түрдө жогорулатууну камтыйт, бул жеке жана кесиптик өсүп өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Куткаруучу болуунун кыйын жактары:

  • Ар дайым оор кырдаалдар менен күрөшүү зарылчылыгы, катуу чарчоого алып келет. Физикалык гана эмес, эмоцианалдуу чарчоо.
  • Куткаруучунун иши адамдын өз ден соолугуна жана өмүрүнө түздөн-түз коркунуч менен байланышкан.
  • Куткаруучу өз муктаждыктарын, сезимдерин жана абалын унутуп, толугу менен башкаларга жардам берүүгө көңүл бурушу мүмкүн.














 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: