super.kg logo

Казакстанда трассадагы кырсыктан 10 адам каза болду

 

Казакстандын Мангыстау облусунун Саламаттыкты сактоо департаменти 10 адам каза болгон коркунучтуу кырсыктан жабыркагандардын абалын билдирди.

Кырсык болгон жерден үч жүргүнчү Жаңы-Өзөн шаардык көп тармактуу ооруканасына жеткирилген.

"1964-жылы туулган эркек жана 1967-жылы туулган аял жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, алардын абалы оор. 1960-жылы туулган аял оорукананын травматология бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу, бирок оор",- деп билдирди мекеме.

Эске салсак, жол кырсыгы 11-сентябрда Каракия районунун Сенек айылынан 90 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Бекет-Ата – Шопан-Ата унаа жолунда болгон. Жүргүнчүлөргө толгон Toyota Hiace үлгүсүндөгү кичи автобус арыкка оодарылып кеткен. Алдын ала версия боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.

Кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болду.

Кийинчерээк кичи автобуста ыйык Бекет-Ата жергесине зыяратчылар бара жатканы белгилүү болгон. Каргашалуу окуядан кийин Казакстандын Ички иштер министрлиги күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: