super.kg logo

Дүйнөлүк модельер Жорджо Армани эки мурас кагазын калтырып кеткени белгилүү болду

 

Италиялык атактуу модельер Жорджо Армани жашыруун эки мурас кагазын калтырып кеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мурас кагаздар нотариус тарабынан ачылган, бирок алардын мазмуну азырынча коомчулукка жарыяланган жок. Армани бул документтерди өзү жазып, өзү мөөр баскан. Биринчи кагаз быйыл 15-мартта, экинчиси 5-апрелде түзүлгөн. Дизайнердин көзү өткөнгө чейин бул кагаздардын бар экенин эч ким билген эмес.

Жорджо Армани 4-сентябрда 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Балдары жок болгондуктан, түздөн-түз мураскорлору да жок. Анын байлыгы болжол менен 11-13 миллиард евро деп бааланууда. Армани көптөгөн бренд ээлеринен айырмаланып, өмүр бою “Giorgio Armani” мода үйүнө ээлик кылган. Мындан тышкары, ал люкс класстагы көз айнек өндүрүүчү EssilorLuxottica, яхта чыгарган The Italian Sea Group сыяктуу компаниялардын үлүштөрүнө жана бир нече виллаларга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: