Ошто мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалышты





Ош шаарынын суу чарба муниципалдык башкармалыгынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында жайгашкан 4 даана унаа жуучу жайдын иштетилген суусуна негизги төлөмдөн сырткары мыйзамсыз акча алып жүрүшкөнүн айткан. Тагыраагы, шектүүлөр ар биринен айына 5 000 сомдон алып турушкан. Жалпы келтирилген чыгым 360 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан башкармалыктын директорунун 50 жаштагы орун басары менен 34 жаштагы башкы инженери 360 миң сомдун 80 миң сомун кайтарып берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Соттун чечими менен алар камакка алынышты.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды




