Япония Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди
Япония өкмөтү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Аларга ылайык, өлкө Орусиянын мунайы үчүн бааны 60 доллардан 47,6 долларга түшүрүүнү чечти. Бирок “Сахалин-2” долбооруна байланыштуу мунай ташууларга чектөө киргизилген жок. Себеби, аталган долбоор негизинен жогорку сапаттагы суюлтулган табигый газды чыгарат жана мунай менен болгон келишимдер газ боюнча жүргүзүлөт.
Япония “Сахалин-2” аркылуу импорттолгон суюлтулган табигый газдын болжол менен 10 пайыздык бөлүгүн алат. Ал эми Орусиянын газынан өлкөнүн электр энергиясынын 3 пайызга жакыны өндүрүлөт.
Ошондой эле Япония санкциялык тизмесин кеңейтти. Жаңы санкциялардын тизмесине 14 жеке адам, 50гө жакын уюм, анын ичинде “Артек” балдар лагери кирди. Мындан сырткары, Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы фонд, анын президенти Аймани Кадырова, “Урал” авто заводу, Тула курал заводу, “Базальт” жана “Искра” сыяктуу жеке ишканалар да кара тизмеге кошулду.
Япониянын бул чечими Орусияга карата экономикалык жана саясий басымды күчөтүү максатын көздөйт.
