Чек арадагы стратегиялык мааниге ээ кызматтык үй 38 миң сомго сатылып кеткени аныкталды
Чүйдүн Панфилов районундагы Чолок-Арык айылынын четинде стратегиялык мааниге ээ болгон кызматтык үй сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Көзөмөл органы мүлк Кыргызстан менен Казакстан чектешкен аймактагы "Аспара" дарыясынын башкы суу бөлүштүрүү пунктунда жайгашканын белгиледи. Кызматтык үй 2749,0 чарчы метр жер тилкеси менен бирге мыйзамсыз жеке жактарга 38 миң 900 сомго сатылып кеткен.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 27,9 миллион сомду түзгөн жер тилкеси менен кызматтык үй мамлекеттин балансына кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:34
2025-09-12

10:26
2025-09-12

9:27
2025-09-12

8:48
2025-09-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.