super.kg logo

Орусиянын аймагында түндө 221 дрон атып түшүрүлдү

 

Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде өлкө аймагында 221 дронду атып түшүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги телеграм каналы аркылуу кабарлады.

Мекеме аппараттар Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык экенин белгиледи.

Ага ылайык, Брянск облусунда 85, ал эми Смоленск облусунун үстүнөн 44 дрон атып түшүрүлгөн. Мындан тышкары:

  • Ленинград облусунун аймагында 28;
  • Калуга облусунун үстүнөн 18;
  • Новгород облусу 14;
  • Орёл жана Москва облустарында 9;
  • Белгород облусу 7;
  • Ростов жана Тверь облустары 3;
  • Псков, Тула жана Курск облустарында 1 дрон атып түшүрүлгөн.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз украин дрондорунун чабуулунун кесепетинен эч ким жабыркабаганын билдирди. Ал эми Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин да Куралдуу күчтөрдүн чабуулун тастыктап, Абадан коргоо күчтөрү 43 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Адамдар жабыркаган эмес, олуттуу кыйроолор да катталган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: