super.kg logo

Албания дүйнөдө биринчи болуп жасалма интеллектти министр кылып дайындады

 

Албания дүйнөдө биринчилерден болуп жасалма интеллектти министр кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Gazeta Tema гезитинин маалыматы боюнча, мамлекеттик сатып алуулар үчүн Diella аттуу жасалма интеллект жооптуу болот. Виртуалдык министрдин аты албан тилинен которгондо “күн” дегенди билдирет.

Жасалма министр кызматкерин колдоо үчүн жаңы бөлүм түзүлөт, ал мамлекеттик органдарга нейрондук тармактарды киргизип, тендерлердин ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылат. Diella'нын артыкчылыгы анын адилеттүүлүгү - коррупцияны жок кылат.

Ал ишке киришти жана бардык жыйындарга катышат. Өкмөт Албаниядан мамлекеттик сатып алуулар системи толугу менен ачык-айкын өлкөгө айланат деп күтөт жана жасалма интеллекттерди андан ары ишке ашырууну пландаштырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: