super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылууда

 

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылууда. Учурда депутаттардан кол топтоо жүрүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Сунуш кийинки аптада тиешелүү комитетте каралышы мүмкүн экени айтылды. Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматы андай маселе көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Буга чейин депутат Исхак Масалиев парламент тарай турганын кыйыткан билдирүү жасаган. Анын билдирүүсүнөн кийин күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү.

Коомчулукта парламент тарашы мүмкүн делген кептер февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда айтыла баштаган. Кийинчерээк, март айында аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш тууралуу айтылган кептерди четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: