super.kg logo

Японияда 206 депутат өкмөттөн Палестина мамлекетин таанууну суранды

 

Япониянын 206 депутаты өкмөттөн Палестина мамлекетин таануу өтүнүчү менен кол коюлган катты тышкы иштер министри Ивaя Такешиге тапшырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул топко оппозициядагы Конституциялык Демократиялык Партиядан жана өкмөттөгү Либералдык Демократиялык Партиядан мүчөлөр кирген. Депутат Абе Томоко Израилдин ок атышууну токтотууга макул эместигин жана балдардын ачка калышын четке кагууга болбой турганын белгиледи.

Министр Ивaя катка көптөгөн депутаттар кол койгону үчүн маселени олуттуу карай турганын айтты. Япония парламентинде учурда 713 депутат иштейт.

Эскерте кетсек, Франция, Улуу Британия, Канада жана Австралия өлкөлөрү бул айдагы БУУ Башкы ассамблеясынын сессиясында Палестина мамлекетин таануу планын жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: