Трамп Улуу Британиянын өкмөт башчысына нааразы болду
АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерге Питер Мандельсонду АКШдагы элчилик кызматынан бошоткону тууралуу өзүнө жеке билдирбегенине нааразы болгонун Politico жазды.
Маалыматка ылайык, Мандельсон кызматтан Жеффри Эпштейн менен байланыштары үчүн алынган. Стармер тышкы иштер министри Иветт Купер аркылуу Мандельсондун ордун бошоткон. Убактылуу элчи кызматын анын орун басары Жеймс Роско аткарууда.
Ак үй Лондондон жаңы элчини тез дайындоону суранууда.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Анын жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
