Белгилүү орусиялык ырчы Алла Пугачёва өлкөсүнөн качып чыкты деген кептерге жооп берди (видео)
Орусиянын эң белгилүү ырчыларынын бири Алла Пугачёва өлкөдөн чыгып кеткенден кийин биринчи ирет журналист Катерина Гордеевага чоң маек берди. Буга чейин чыгармачылыгы, ырлары тууралуу маектерди берип жүрсө, бул ирет өз өлкөсүндөгү саясий кырдаал, ага жасаган бийликтин мамилеси, "чет элдик агент" болуп аталышы жана балдарына катуу тийген сөздөр да айтылды.
Сөз башында Пугачёва Орусиядан кетүү чечими акырындап кабыл алынганын билдирди. Анын баары Израилге барып дарыланып, кайра Орусияга кайтып барганда башталган. Ага президенттик администрациянын башчысынын орун басары Сергей Кириенко жолугуп сүйлөшүп, эч нерседен кабатыр болуштун кереги жок экенин билдирген. Бирок ырчы айым жолугушуудан эки күн өтпөй "чет элдик агент" экендигин билген.
Ырчы мектепте балдары "атасы саткын" делип буллингге кабылганда, бар нерсесин алып өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирди. Бул кадамдан улам ал өлкөсү ырчыны сатып кеткендигин билдирди.
"Адамгерчилик деген түшүнүк бар. Ал атак-даңктан, байлыктан, дүйнөдөгү бардык нерседен кымбат. Мекенге анын кемчилигин айтуу бул чыныгы патриоттук кадам. Өз мекенинен качты деп жатышат. Ал үчүн мекениңди сүйбөшүң керек го. Ал жер эмне абак беле, качып чыккыдай. Ошондо мени өлкөм багып, эркелетип, наамдарды берип сыйласа, мен артымды карабай кетип калган болуп жатамбы? Мен жөн эле жатып, мамлекет мени кашыктап баккандай туюм калтырып жатат. Менин окуганым, кызмат кылганым эсептелбейби? Анан адам баласы өлкөсүнөн чыгып кеткенге укуктуу, анткени анын дарегине жаман сөздөр айтылып, жалаа жабылып жатат го. Мен өтө деле таарынган жокмун. Анткени мен ушундай болушун билчүмүн. Алтымыштан кийин сахнада ийилип салам бере албай калгандай эле, саясатта да ошондой. Убагында мени күчтүү, талантту адамдар курчап турган. Алар 60 жаштан кийин кет дешкен. Анткени өз учурунда кетпесең сага каршы чыккандар көбөйөт дешкен. Бул нерсе саясатка да тиешелүү. Мага өлкөм кыянаттык кылган учурда гана чыгып кетем дечүмүн. Ошондой болду. Бирок мени Орусиядагы чет мамлекеттериндеги миллиондогон күйөрмандарым гана сатып кетпейт. Ошол доордун адамдары бар менин жашоом кубанычка бөлөнүп турат. Бири-бирибизге сүйүүбүздү билдирип жашай беребиз. Жашоомдо көптү көрүп, жүрөгүм жараланды. Демек, мени эми эч ким жаралай албайт", - деди Алла Пугачёва.
Белгилүү орусиялык ырчы Алла Пугачева өлкөсүнөн качып чыкты деген кептерге жооп берди
