Чарли Киркти аткан адам видеого түшүп калган (видео)
Интернет желесинде америкалык консервативдик активист Чарли Киркти атууга шектүү кишинин видеосу тарап жатат.
Кадрдан куралчан адам имарат чатырынан жерге секирип, андан ары унаа токтотуучу жай менен качып бара жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, Кирк 10-сентябрда АКШнын Юта штатындагы университеттердин биринде сүйлөп жаткан маалда атып өлтүрүлдү. Ок мойнуна тийип, ал ооруканада каза болгон. Башында полиция шектүүнү кармаганын билдирген, бирок чыныгы аткан жаран азырынча кармала электиги кийинчерээк маалым болду.
Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапташы болгон. Чарли Кирк жаштар арасында консервативдик баалуулуктарды жайылткан "Turning Point USA" аттуу кыймылдын негиздөөчүсү. Ал ошондой эле подкасттарга жана саясий дебаттарга активдүү катышып турган.
Кирк 11 жыл мурун өзүнүн октон каза болорун социалдык тармактагы баракчасында билдиргенин Irish Star басылмасы жазып чыкты.
Чарли Киркти аткан адам видео түшүп калган
