Мектептик билим берүүнү баалоо системинин концепциясы талкууланды






Кечээ, 11-сентябрда Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын баалоо системинин концепциясынын долбоорун кеңири талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын бала-бакча жана мектептердин жетекчилери, Кыргыз билим берүү академиясынын жана педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун адистери, ошондой эле педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү, билим берүү тармагынын эксперттери катышты.
Жалпы билим берүү уюмдарынын баалоо системинин концепциясынын долбоору Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан иштелип чыгып, тегерек столдо талкууга сунушталды.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова тегерек столдун катышуучулары менен баарлашып, азыр иштелип жаткан концепцияны заманбап билим берүү системинде баалоо системин түзүүнүн негизги ыкмаларын жана принциптерин аныктаган стратегиялык документ катары белгиледи.
"Жаңы концепция билим берүүнүн сапатын баалоого системдүү мамиле жасоону камсыздашы керек. Бул өзгөчө маанилүү, анткени учурда жалпы билим берүүнүн мазмунун жаңылоого багытталган комплекстүү реформалар жүрүп жатат жана мектеп билим берүүсү 12 жылдык форматка өтүүдө",- деди Жусупбекова.
Концепциянын негизги максаттары:
- Баалоо процесстеринин объективдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
- Билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн бирдиктүү нормативдик жана методикалык базасын түзүү;
- Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча ички жана тышкы мониторингдин заманбап инструменттери менен процедураларын ишке киргизүү;
- Тегерек столдун жүрүшүндө стратегиялык багыттар, анын ичинде концепцияны билим берүү системинин башка негизги реформалары – мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системин өнүктүрүү, билим берүүнү санариптештирүү жана 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу зарылчылыгы талкууланды.
Билим берүүдөгү баалоо системи боюнча эксперт Миргүл Эсенгулова баалоо маданиятын эске алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ал концепциянын долбоорунда чагылдырылышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле мониторинг философиясынын түшүнүгүн өзүнчө пункт катары ачып берүү зарылдыгын жана "баа", "баалоо" жана "белги" түшүнүктөрүн так аныктап берүү керектигин айтты.
Тегерек столдун катышуучулары өлкөдө натыйжалуу баалоо системин түзүү мектептик билим берүүнү ийгиликтүү трансформациялоонун негизги милдеттеринин бири жана 21-кылымдын талаптарына жооп берген сапатка жетишүүнүн эң маанилүү шарты экендигин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:16
2025-09-12
15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.