super.kg logo
  Саясат  

Президент ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынына катышкан делегациялардын башчыларын кабыл алды.

Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчылары жана ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Анда аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери талкууланды.

Жапаров ТМУга төрагалык кылуу мезгилинде Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Биздин өз ара байланышыбыз тышкы саясаттан баштап, соода, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптештирүүгө жана ошондой эле космостук изилдөөлөргө чейинки чөйрөлөрдү камтып, барган сайын кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюму региондук жана эл аралык туруктуулук архитектурасында өзүнүн салмактуу ордун ээлегенге жетишти”,- деди президент.

Ал уюмда кабыл алынган “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040”, “Түрк мамлекеттер уюмунун 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы” сыяктуу өтө маанилүү документтер саясий жана коопсуздук маселелери боюнча тыгыз кызматташууга, терроризмге, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча макулдашылган күч-аракеттерди аныктоого негиз болгонун эске салды.

"Кыргызстан дайыма чыр-чатактарды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулат. Биз чыныгы өнөктөштүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн негизи дал ушундай мамиледе деп ишенебиз",- деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө жаңы дем берип, түрк дүйнөсүндөгү туруктуулукту чыңдоого маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: