Ferrari компаниясынын директору салык чыры үчүн көчө тазалагычка айланды
Ferrari компаниясынын башчысы Жон Элканн Италиянын салык органдары менен салык чыры боюнча келишимге жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кабарлангандай, Италия прокурорлору Элканндардын үй-бүлөсү салык төлөөдөн качууга аракет кылганын аныкташкан. Алар 1 миллиард евронун тегерегиндеги активдерге жана 248,5 миллион евро кирешеге салык төлөөдөн качуу максатында чоң энесин Швейцариянын салык резиденти катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Бирок бул аракет ишке ашпай, натыйжада үй-бүлө Италиянын салык органдарына 183 миллион евро салык төлөөгө милдеттендирилди.
Мындан тышкары, Жон Элканн коомдук иштерде бир жыл эмгектенүүгө милдеттүү болду. Ал көчө тазалоочу же карылар үйүндө жардамчы болуп иштей алат.
Анын бир тууган агасы менен карындашы айып пул менен гана жазаланды.
Жон Элканн – белгилүү индустриалист Жанни Аньеллинин небереси. Аньелли Fiat компаниясын чакан ишканадан дүйнөлүк өнөр жай гигантына айландырган. Элканндар үй-бүлөсү Ferrari, Stellantis, Juventus жана башка ири компаниялардын ээси болуп саналат.

