super.kg logo

Күлкүңүздүн кооздугу – ден соолугуңуздун күзгүсү. Тиш оорубаса да, стоматологго баруу керекпи? Адистин кеңеши

 

Тиш – адамдын ден соолугу менен сулуулугунун күзгүсү эмеспи. Адамдын жашоосунда тиштин ролу өтө чоң. Ал тамакты туура майдалап, сиңирүү процессин жеңилдетет, сөздү так айтууга жардам берет жана сырткы көрүнүшкө түздөн-түз таасир этет. Бирок көпчүлүк учурда көпчүлүк адамдар тиштердин саламаттыгына жетиштүү көңүл бурбайт. Тиш оорусу башталганда гана дарыгерге кайрылып, анын алдын алуу чараларын унутуп коёт. Чындыгында тишти туура кароо жана убагында текшертүү – олуттуу оорулардын алдын алуудагы эң негизги кадам болуп эсептелет. Бул ирет тиш доктур Бекзат Кадыров менен маектештик.

- Кесиптеги эң чоң кыйынчылыктарга токтолуп өтсөңүз?

- Ар бир адам индивидуалдуу болгондугуна байланыштуу, көйгөйү ар кандай болот. Бирөөсүнө сөөк жетпейт, тиши жок, тиши ооруйт, коркуу сезими. Коркуп жаткан бейтапты дарылоо кыйын, аны тынчтандыруу, көндүрүү керек.

Мындан тышкары, бизде конкуренция күчтүү. Финансы жагын көзөмөлдөп, дайыма технология жаңылап туруу зарыл. Талыкпай өсүп, билим алып туруубуз керек.

- Тиш ооруларынын кайсы түрлөрү Кыргызстанда көп кездешет?

Кыргызстанда көп кездешкен оорулар пульпит жана периодонтит. Анын себеби, тиш кичине чирип баштаганда, карайганда көбү маани бербейт. Кийин оору оорлошуп кетет, нервке жетип калат. Көбү, ооруп, кайра басылып калган кезде стоматологго барбай жүрө беришет. Андан соң өтүшүп, периодонтит болуп, асты ириңдеп, катуу ооруп чыдай албай баштайт. Ошондуктан кичинекей эле, кариес пайда болгон кезде стоматологго кайрылса акчасын, убакытын экономдойт. Өзүнө эле жакшы.

- Бейтаптардын эң көп кайрылган даттануулары кайсылар?

- Менин жеке практикамда кардарлардын көп даттануусу тиши жоктор болуп саналат. Сөөгүнө катырып имплантация жасайбыз. Оорусуз өтөт. Бирок кээ бир кездерде бейтаптар биз сунуштаган сунуштамаларды так аткарбай коюшат, кээде организмдин өзгөчөлүгүнөн дагы оору күчөп кетип, имплантация өздөштүрүлбөй калат. 95 пайыз адамдар бат эле көнүп кетишет.

- Имплант салганда жаак-сөөккө зыяны барбы?

- Зыяны жок. Эгер алдын ала анализ тапшырылып, диагностика жакшы кылынган болсо. Бирок эгер оорулуу болсоңуз, кан оору, рак, сахар болсо зыяны тийиши мүмкүн. Сахарды биринчи түшүрүп анан имплант койдуруу керек.

- Тиш оорунун эң чоң себептери кайсылар?

- Тиштерин жуубагандарда көйгөйлөр көп болот. Көбүнчө эрте менен туруп эле жууп алышат. Тамактан кийин тазалап жууш керек, түнү болсо тамактанып бүтүп жууп анан укташ керек. Күнүнө 2 жолу тишти тазалап туруу керек. Таттууну азайтуу зарыл.


- Тиштин абалы ар дайым жакшы болуп туруусун каалагандар канча убакытта бир стоматологго келип турушу керек?

- Тишти жакшы сактайм десе ар 6 айда врачка көрүнүп, тазалатып туруу керек. Ошондо баары жакшы болот.

- Кээ бирлерин тиши таза болсо дагы жагымсыз жыт болот, себеби эмнеде?

- Ооздон жагымсыз жыт чыгуу жакшы тазалабагандыктан. Канап, тазалаганда калдыктар калып калса ушундай көйгөйлөр болот. Эгер бардык тиштери таза болгондо дагы жыт чыга берсе, анда ашказандан болуп калат, дарыгерге кайрылышы керек. Эки эле көйгөйдөн жыт чыгат, тиш же ашказан.

- Тиш оорулары жалпы ден соолукка канчалык таасир этет?

- Тиш оорулардын ден соолукка таасири аябай чоң, себеби сиздин тишиңиз жок болсо, тамакты жакшы чайнай албайсыз, ошентип ашказанга оордугу тийип, жабыркайт. Аш кыла албай калат. Тиш оорулар өтүшүп кетсе, нервтер закымдалып, бет шишип, ириң басып кетет. Бул аябай чоң зыян жана коркунуч.

- Жалпы эле тиш дарыгери катары бейтаптарга кандай кеңештерди бересиз?

- Кеңешим ар 6 айда стоматологго кайрылып туруңуздар. Ар бир оорунун алдын алуу маанилүү. Дарыгерге канчалык эрте кайрылсаңыздар ошончолук арзан жана жеңил болот. Кечиктирген сайын оор жана көп акча кетет. Тиштерди жулдургандан кийин имплант коюу керек. Дагы айтарым, жакшы тиштерди аралап, буздуруп бир тиштин ордуна эки тишти буздуруп, үч тиш салдырбаңыздар. Бир имплант койдурсаңыз, эки тишиңиз таза калат.

- Маегиңизге чоң рахмат, ийгиликтер коштосун!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: