super.kg logo

Муса Жангазиев атындагы куурчак театры чет өлкөлөрдөгү бир катар фестивалдарга катышат

 
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры сентябрь айында Казакстанда, Башкортостанда жана Орусияда өтө турган эл аралык фестивалдарга катышат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, театр төмөнкү спектаклдерди алып чыгат:
  • "Эр Төштүк" - "Nomad Puppet" TURKSOY фестивалы (Актау, Казакстан, 9-14-сентябрь)
  • "Атадан калган туяк" - "Курчак фест" (Уфа, Башкортостан, 24-28-сентябрь)
  • "Странник Кранц" - "Большой детский фестиваль" (Москва, 29-сентябрь - 4-октябрь)
Бул чыгармачылык сапар Кыргыз куурчак театрынын дүйнөлүк маданий мейкиндикте ордун бекемдөөгө жана улуттук сахналык искусствону эл аралык деңгээлде таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми 4-октябрда аталган театр көрүүчүлөрдү кубаныч менен тосуп, жаңы 87-сезонун ачат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: