super.kg logo

Балиде суу ташкынынан каза болгондор 18 адамга жетти

 

Индонезиянын Бали аралында суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун саны 18 адамга жетип, 659 жаран жаракат алды. Бул тууралуу өлкө бийлигине таянып, чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда.

Маалым болгондой, дагы эки адам дайынсыз болууда.

"Бул табият кырсыгы көп жоготууларды алып келди. Анын кесепетинен 18 адам каза болуп, 185 жаран үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Дагы 659 адам жаракат алды",- деп айтылат кабарда.

Бали провинциясынын бийлиги аймактагы өзгөчө кырдаал режими 17-сентябрга чейин созула турганын билдирди. Кабарлангандай, мындай табият кырсыгы аймакта 5-10 жылдан бери алгачкы жолу катталып жатат. Адатта, бул мезгилде кургак аба ырайы болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: