super.kg logo

"Күндөлүк" платформасын колдонуу боюнча мугалимдерге онлайн семинар өткөрүлдү

 
9–10-сентябрь күндөрү Агартуу министрлиги бардык аймактардагы информатика мугалимдери жана окуу бөлүм башчылары үчүн онлайн-семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты — "Санарип кампа" жана "Күндөлүк" санариптик билим берүү платформаларды жана электрондук окуу китептерди натыйжалуу колдонууну талкуулоо.
Түзүүчүлөр платформалардын функционалдуулугун көрсөтүп, практикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Мугалимдер санариптик инструменттерди окуу процессине интеграциялоонун мисалдарын алышып, активдүү талкуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Колл-борборго келип түшкөн кайрылуулардын негизинде белгиленген көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бөлүндү. Алардын арасында АИС "Күндөлүк" жана "Санарип кампа" платформаларынын иштөөсүндөгү кыйынчылыктар, ошондой эле мектептеги компьютердик техниканы жаңыртуу, анын ичинде "Алтын казык" ноутбуктарын колдонууда мугалимдерге практикалык жардам көрсөтүү маселелери айтылды.
Семинарлардын жыйынтыгында министрлик мектептерди колдоонун кийинки чараларын аныктап, ага тажрыйба алмашуу максатында райондук жолугушууларды өткөрүү, көп берилген суроолор боюнча видеонускамаларды даярдоо, техника жаңыртуу боюнча колдонмо чыгаруу жана жабдуулардын эффективдүү пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн алардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: