super.kg logo

ӨКМ: Жер титирөөдө коопсуздук куржуну даяр туруусу зарыл

 

Бүгүн, 12-сентябрда ӨКМ жаратылыш кырсыктарына байланыштуу коопсуздук куржуну тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, коопсуздук куржунунда төмөнкүлөр болуусу зарыл:

  • Документтердин көчүрмөсү, акча;
  • Тез жардам кутусу;
  • Жай мезгилинде 5-6 литр суу, кыш мезгилинде 3-4 литр суу;
  • Консерва, жогорку калориядагы тамак-аш;
  • Гигиена каражаттары;
  • Кошумча кийим, бут кийим, жууркан (одеяло);
  • Радио, кубаттагычтар, уюлдук телефондун кубаттагычы (PowerBank), ышкырык, фонарик.
Коопсуздук куржуну – асынма сумка (рюкзак), дөңгөлөктүү же өзүңүзгө ыңгайлуу сумканын түрүн тандасаңыз болот. Куржундун ичинде кеминде үч күнгө жете турчу азык, суу, жылуу кийим, дары-дармек, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү фонарик жана ышкырык болуусу зарыл.
Ошондой эле куржундун ичинде кагазга жакын туугандарыңыздын дарегин, телефон номерин, жакын жердеги бейтапкананын өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды кабыл алуу пункттарынын дарегин жазып койгонду унутпаңыз. Бул байланыш жок учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн сизге ыкчам жардам берүүгө жардам берет.
Жер титирөө адамга зыяны тийбеш үчүн үйдү кантип даярдайсыз?
  • Үй эмеректерин дубалга бекем бекитиңиз, алар керебеттерге жана бөлмөдөн чыгуучу эшиктерге кулабагыдай болуусу керек.
  • Ачык же жабык илгичтери бар сүрөт күзгүлөрдү жана сааттарды коопсуздандырып, дубалга бекемдеңиз.
  • Текчелердеги же эмеректердин үстүндөгү оор буюмдарды алдын ала ылдый түшүрөсүз.
  • Керебеттерди терезелерден алыстатып, люстраларды жана лампаларды шыпка бекем кагыңыз.
  • Үй эмеректеринин бекиткичтерин жер титирөө учурунда ачылбай тургандай сапаттууларына алмаштыруу зарыл.
  • Күйүүчү жана жегичтүү суюктуктар куюлган идиштер бекем жабылып, имарат титирегенде кулап, сынып калбашы үчүн сакталууга тийиш. Электр буюмдарын дубалга бекемдеңиз.
Ар бир кыргызстандык жер титирөө учурунда эң жөнөкөй 10 кадамды билүүсү зарыл:
  1. Тынч болуп, дүрбөлөңгө түшпөңүз,
  2. Лифт же тепкичти колдонбоңуз;
  3. Эмеректерден, терезелерден, асма шамчырактан (люстра) алыс кетиңиз,
  4. Баш калкалоочу жай таап, башыңызды колуңуз менен жаап алыңыз;
  5. Титирөө токтогондон кийин имараттан чыгып кетүүгө болот;
  6. Коопсуздук куржунун алууну унутпаңыз;
  7. Сыртка чыгаарда сууну, газды, электр энергиясын өчүрүү зарыл;
  8. Электр зымдарынан, имараттардан, дарактардан алыс болгонуңуз дурус;
  9. Жер титирөөнүн кайталануусуна даяр болуңуз;
  10. Жаш балдарга, карыларга жана майыптыгы бар адамдарга жардам бериңиз.

Маанилүү!

Эгер адам урандылардын астында калып калса, кескин кыймылдарды жасоого болбойт. Куткаруучулардын келишин күтүү керек. Эгер адам урандылардын астында жетүүгө мүмкүн болгон жерде болсо, аны сууруп чыгып, дарыгерге чейинки медициналык жардам көрсөтсө болот.

Башка учурларда жай тургундар жабырлануучунун кандай жаракат алганын билбеши мүмкүн болгондуктан, конструкцияларды козгобошу же көтөрбөшү керек. Мисалы, эгер адам бийиктиктен кулап кетсе, анда анын омурткасы жабыркап, жаракат алышы мүмкүн. Мындай учурда аны жылдырууга же ордун которууга болбойт. Куткаруучуларды күтүү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: