Кеминде суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды



Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Кемин шаарындагы суу коргоо тилкесинде текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүгө тиешелүү адистер жана комиссия мүчөлөрү тартылып, курулуштардын мыйзамдуулугу каралды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында каналдын жээгине 1 метрден 4–8 метрге чейинки аралыкта мыйзамсыз курулган бир катар объекттер аныкталып, суу коргоо зонасынын талаптары бузулганы аныкталды. Ошондой эле айрым менчик ээлери тарабынан каналдын конструкциялары бузулуп, нормалар сакталбаганы белгиленди.
Мындан тышкары, суу коргоо зонасында металл конструкциялар орнотулуп, айрым дарактар суунун агышына тоскоолдук жаратканы да аныкталды. Комиссия мыйзам бузуу менен курулган объекттерди жоюу боюнча сунуштарды даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу чечимин кабыл алды.
Комиссиянын чечимине ылайык, мыйзамсыз курулуштарды жоюу, мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу жана тийиштүү чараларды көрүү максатында Кемин шаарынын мэриясына расмий сунуш берилди.

