super.kg logo

Польша Беларус менен чек арасын толугу менен жапты

 

Польша Орусия менен Беларустун «Батыш-2025» аскердик машыгууларынан улам Беларус менен чектешкен чек арасын толугу менен жапты. Варшава бул машыгууларды агрессивдүү деп атап, темир жол өткөөлдөрү да жабылды. Адистер бул кадам эки мамлекеттин ортосундагы кризисти ого бетер курчутуп жатканын айтышууда.

Польшанын чек араны жабуу тууралуу чечимин өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск өкмөт жыйынында жарыялаган. Анын айтымында, машыгуулар «аскердик доктрина жагынан өтө агрессивдүү мүнөзгө ээ» болгондуктан, чек ара коопсуздук максатында жабылды.

Орусия менен Беларустун биргелешкен машыгуулары 12–16-сентябрь аралыгында өтөт. Анда 13 миңден ашуун аскер кызматкери катышат.

Машыгууларды эл аралык байкоочулар да көзөмөлдөй алышат. НАТОнун тогуз мүчөсүнүн өкүлдөрү да болот. Беларустун коргоо министри Виктор Хренин машыгуулар эч кимге каршы багытталбаганын баса белгилеген.

Буга чейин 2-августта Киев Минскке эскертүү берип, Орусия менен биргеликтеги машыгуулар маалында чек арага жакындабоого чакырган.

Ошондой эле, Беларустун аскерлери машыгууларга даярдыктын алкагында өлкөнүн батыш чек арасынан артка чыгарылган. Президент Александр Лукашенко мындай чечимди Минскке «Сувалк коридорун жабууга аракет кылууда» деген айыптоолорду жокко чыгаруу максатында кабыл алганын түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: