Кыргызстандык окуучулар Азия Кубогунда лыжа-роллер боюнча жакшы жыйынтык көрсөтүштү







Казакстандын Щучинск шаарындагы Улуттук лыжа спорт борборунда Азия Кубогунун лыжа-роллер боюнча акыркы этабы (FIS Roller Ski Asian Cup) болуп өттү. Бул мелдеш кышкы Олимп оюндарына квалификация алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдешке 9 өлкөнүн 107 спортчусу катышты. Анын ичинде биатлон бөлүмүнөн Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин 4 тарбиялануучусу да катышты.
Жыйынтыктар:
Спринт, классикалык стиль – 1,2 чакырым аралыкта:
- Айымдар арасында: Таалайбекова Диана – 48-орун;
- Мырзалар арасында: Сапарбеков Артур – 69-орун, Жумалиев Нурислам – 94-орун;
Интервалдык мелдеш, коньковый стиль боюнча:
- Айымдар 5 км аралыкта - Таалайбекова Диана – 53-орун;
- Эркектер арасында 10 чакырым аралыкта - Кадыров Элдар – 41-орун, Сапарбеков Артур – 71-орун, Жумалиев Нурислам – 93-орун.
Супер-спринт боюнча – 200 метр аралыкта:
- Айымдар арасында: Таалайбекова Диана – 32-орун;
- Мырзалар арасында: Сапарбеков Артур – 29-орун; Кадыров Элдар – 34-орун; Жумалиев Нурислам – 44-орун.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:00
2025-09-12
18:9
2025-09-12
17:57
2025-09-12

15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.