Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана балдар бакчасы курулат
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Тимур Малбашев маалымдады.
“Убагында мамлекетке таандык болуп, кийин жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр менен жер тилкелери кайра мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгына иштетилип жатат. Мисалы, Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үй мамлекетке өткөрүлүп, анын ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бүгүнкү күндө бул борбордо миңдеген балдар дарыланып, реабилитациядан өтүп жатышат.
Ошондой эле Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевдердин дагы бир жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, ал жерге ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн жарандар турак жайлуу болушту. Мына ушундай мисалдар көп. Мамлекеттин мүлкү мамлекетке кайтарылып, аны элдин кызыкчылыгына иштетүү аракети уланууда", - деди Малбашев.
Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү тууралуу да айтты.
Малбашевдин айтымында, ал жер дагы мамлекетке таандык болгон. Бирок кийин өзүнө өткөрүп алып, үй курган. Соттун чечими менен бул жер дагы мамлекетке кайтарылган. Эми жер тилкенин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү курулуп, эскилиги жеткен Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар ушул жерге көчүрүлөт.
"Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдарына кызмат кылат. Учурда бул айылдардын тургундары балдарын шаарга ташып келишет. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт”,-дейт Тимур Малбашев.
Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын билдирген болчу.




