"Жаштар өзгөрүүдө". Бишкекте китепканада жаштардын деми сезилген поэзия кечеси өттү
11-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Инновациялык борборунун китепканасында "Аалам сыйган ашкана" деген аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү. Анда акын Махабат Касеинованын калемине таандык ырлар окулду.
Кече "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын уюштуруусу менен өттү. Академиянын президенти Нурбек Маамытбаев кечеде Махабат Касеинованын "Аалам сыйган ашкана" ырлар жыйнагынын бет ачары болгонун билдирди. Ал буга чейин да 2 ирет Инновациялык борбор жана Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонду менен биргеликте поэзия кечелери уюштурулганын, мындан ары ай сайын өткөрүп туруу демилгеси көтөрүлүп жатканын айтты.
"Биздин демилге менен өтүп жатканына байланыштуу авторлорду өзүбүз тандайбыз. Бул жолкусунда акын эжебиздин китеби чыгып жаткандыктан, анан да ал эжебиз алыскы айылда тургандыктан колдоо болсун дедик. Бул жеке эле Махабат Касеинованын жарык көргөн китебинин бет ачары үчүн эмес, негизинен ай сайын өтө турчу поэзия кечесинин алкагында уюштурулду", - деди ал.
Ал эми Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Махабат Касеинова буга чейин Бишкектеги инновациялык борбордо өткөн поэзия кечелери тууралуу маалыматы болгонун, эми минтип өзүнүн китебинин бет ачары өткөнүн белгилейт.
"Мага кеченин чакан, тынч, аз кишинин курчоосунда өткөн форматы жагып жүргөн. Ошентип мага "сиздин поэзия кечеңизди уюштуралы, жакында китебиңиз жарык көргөн турбайбы?" деп сунуштап калышты. Дароо макул болдум. Бир чети поэзия кечеси бир чети китептин таанытымы болсун дедик. Өзүм максат кылып, кыялданып жүргөндөй чакан жерде, ашыкча сөздөрсүз, жалаң поэзиянын коштоосунда өткөрүп алдык.
2009-жылы "Жолдо" аттуу алгачкы ырлар жыйнагым жарык көргөн. Бул "Аалам сыйган ашкана" экинчи китебим. Ортодо аябай узак аралык болуп кетти. Буга чейин чыгынып жүргөнүм менен ар нерсенин чыга турган убагы, өз мезгили болобу, айтор, китеп ушул жылдын жай айларында жарыкка чыкты. Өзүмдүн чөйрөмдө, жакындарым арасында чыкканы тууралуу айтылганы менен бүгүн поэзия кечесинин алкагында жалпы адабият сүйүүчүлөргө маалым болду окшойт", - деди акын.
Иш-чарада акындын ырларын "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын алдындагы "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөлөрү көркөм окушту. Андан тышкары кече музыкалык чыгармалар менен коштолду.
Адабий клубдун мүчөсү, "Көчөдөгү кагаздар" адабий долбоорунун негиздөөчүсү Калыс Жумадилов акыркы жылдары бул сыяктуу кыргыз тилиндеги адабий кечелер, семинарлар байма-бай өткөрүлүп жатканын белгиледи.
"Кубанычтуусу бул сыяктуу иш-чараларга жаштардын, кыргыз тилдүү студенттердин кызыгы улам артып, барган сайын поэзия кечелерде орундактар жетпей калып жатат. Бул деген сөз, азыркы жаштар поэзия аркылуу кыргыз тилин сүйүп калып жатышат дегендик. Жаштар өзгөрүүдө. Мага алардын улуу муундан айырмаланып адабиятка жакындыгы сезилет. Кыргыз тили табиятынан кооз, көп тармактуу, оозеки жана жазма өнөргө бай келет", - дейт ал.
"Нурборбор" чыгармачылык академиясынын президенти ай сайын
адабий кечелер уюштуруларын дагы бир жолу бышыктап, каржы чыгымдары академия тарабынан көтөрүлөрүн билдирди.
"Башында долбоорду ишке ашыруу үчүн техникалык жабдыктарды алышка туура келген. Ошондо Эл аралык Алыкул Осмонов атындагы фондго кайрылганбыз. Ал жактын демөөрчүлүгү менен керектүү жабдыктарды алганбыз", - дейт.
Акын Махабат Касеинова Нарындын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында 1985-жылы 25-августта туулган. 2003-жылы жылы өзү туулуп өскөн айылдагы мектепти, 2008-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин тарых факультетин аяктаган. Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультетинин магистранты.
Анын бир катар чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде, "Саамалык", "Алманын мөмөлөрү", "Много языков один мир" альманахтарына жарыяланып келет. 2005-жылдан баштап чыгармачыл жаштардын республикалык "Нурборбор" коомдук бирикмесинин жана "Калемгер" адабий клубунун мүчөсү.
Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюшулган "Дебют-2008" жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү. 2009-жылы “Много языков один мир” конкурсунан поэзия жанры боюнча 1-орунду алган. 2010-жылдан Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Учурда Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

