Францияда 104 депутат Макронду кызматтан алууну талап кылууда
Францияда 104 депутат президент Эммануэль Макронду кызматтан кетирүү боюнча резолюцияга кол коюшту. Бул тууралуу парламенттеги солчул "Жеңилбес Франция" партиясынын лидери Матильда Пано билдирди.
Анын айтымында, документке солчулдардан тышкары экологиялык жана коммунисттик партиялардын депутаттары да кошулган. Эми резолюцияны кароо маселесин Улуттук жыйындынын бюросу чечет. Андан кийин аны мыйзам чыгаруу комиссиясы жактырса, эки жуманын ичинде Улуттук жыйындын үчтөн экиси добуш берүүгө тийиш. Андан соң Сенада каралып, эки палатанын биргелешкен жыйынында 925 депутаттын 617си колдосо гана резолюция күчүнө кирет.
Эске салсак, 2024-жылы да импичмент демилгеленген, бирок мыйзам чыгаруу комиссиясы аны четке каккан.
Өлкөдө учурда "Баарын токтотолу" деген ураан алдында массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. 700дөн ашык иш-чара пландалууда. Коопсуздукту камсыздоого 80 миң полиция тартылган.
Акциялардын толкуну өкмөттүн үнөмдөө планына байланыштуу башталган. Премьер-министр Франсуа Байру 2026-жылкы бюджет долбоорун сунуштап, пенсиялар менен жөлөкпулдарды индексациялоону токтотууну сунуштаган. Мунун айынан өкмөт ишеним добушун жоготуп, Байру кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

