super.kg logo

Жерде магниттик бороондун күчөшү күтүлүүдө

 

Жерде жакынкы күндөрү магниттик бороон күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күндүн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Адистердин айтымында, Күндүн бетинде чоң короналдык оюктун пайда болушу менен Жер тарапка ылдам күн шамалы келе жатат. Планета анын таасирине 13–14-сентябрда кирет. 14–15-сентябрда шамалдын ылдамдыгы секундасына 500–600 чакырымга, ал эми 16-сентябрда болжол менен 700 чакырымга чейин жетиши ыктымал.

Геомагниттик толкундануу 6 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Күчөшү 14–16-сентябрга туура келет. Ушул айда магниттик активдүүлүк адаттан тыш жогорулап, 10 күндө үч жолу магниттик бороон катталды.

Адистер геомагниттик активдүүлүк алсыздан күчтүү деңгээлге чейин (G1–G3) болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: