Армениянын президенти: "Ереван менен Баку тынч жашоо үчүн макулдашышты"
Армениянын президенти Ваагн Хачатурян RTVI телеканалына берген маегинде Вашингтондогу жолугушуунун негизги жыйынтыгын белгилеп, эки тарап «тынч жашоого макулдашканын» айтты.
Ал Азербайжан президенти Илхам Алиев Армениянын аймактык бүтүндүгүн бузбайт деп ишенерин билдирди. Себеби Дональд Трамп, Илхам Алиев жана Никол Пашинян кол койгон биргелешкен декларацияда жаңжалды жөнгө салуунун негизги принциптери көрсөтүлгөн.
"Ал жакта аймактык бүтүндүк, экинчиси — көз карандысыздык, үчүнчүсү — юрисдикция, төртүнчүсү — өз ара мамиле, бешинчиси — эгемендүүлүк жазылган. Болду. Биз ушул принциптердин негизинде иштейбиз", — деди Хачатурян.
Эске салсак, август айында Азербайжан президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Тынчтык келишимин жана мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуу тууралуу документке кол коюшкан.

