super.kg logo

Жоржио Армани өз мураскорлоруна брендин сатуу тууралуу осуятын калтырып кеткени айтылды

 

Жоржио Армани мураскорлоруна өз компаниясын сатыкка чыгаруу же сатуу мүмкүнчүлүгүн калтырган. Бул тууралуу италиялык дизайнердин осуятында айтылганын La Repubblica гезити жазды.

Ал өз өлүмүнөн кийин 18 ай ичинде Giorgio Armani S.p.A. компаниясынын 15 пайыз акциясын сатууну, ал эми кийинки 3–5 жыл ичинде ошол эле сатып алуучуга дагы 30 пайыздан 54,9 пайызга чейинки акцияларды сатууну көрсөтүп берген.

Армани артыкчылык берүүчү сатып алуучулар катары «люкс» товарларынын дүйнөлүк лидерлерин — L'Oreal, LVMH жана EssilorLuxottica эсептеген.

Дизайнер компаниядагы добуш берүүчү акциялардын 40 пайызын серепчиси жана өнөктөшү Панталео Дель’Оркого, 30 пайызын 2016-жылы түзүлгөн Fondazione Giorgio Armani фондуна, компаниянын ар кандай багыттарын жетектеген жээндерине 15 пайызын калтырган. Ал эми калган акцияларын туугандарына мурас катары калтырган.

Жоржио Армани 4-сентябрда 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Балдары жок болгондуктан, түздөн-түз мураскорлору да жок. Анын байлыгы болжол менен 11-13 миллиард евро деп бааланууда. Армани көптөгөн бренд ээлеринен айырмаланып, өмүр бою “Giorgio Armani” мода үйүнө ээлик кылган. Мындан тышкары, ал люкс класстагы көз айнек өндүрүүчү EssilorLuxottica, яхта чыгарган The Italian Sea Group сыяктуу компаниялардын үлүштөрүнө жана бир нече виллаларга ээ болгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: