super.kg logo

Индияда коомдук тамактануучу жайлар таштандыларды төлөм катары кабыл алууда

 

Индияда коомдук тамактануучу жайлар таштандыларды төлөм катары кабыл алууда. Бул тууралуу Good News Network жазды.

Индиянын Амбикапур шаарында Garbage Cafe деген бир нече кафелер иштейт. Бул жерден бир килограмм пластик таштандыны тапшыруу менен төрт тамакты, тагыраагы, күрүч, эки түрдүү карри жана салттуу индиялык тамакты алууга болот.

Кафелер күн сайын орто эсеп менен 20 адамды тейлеп, болжол менен 20 килограмм пластик чогултушат. Башкаруучулардын бири Винод Пательдин айтымында, мындай ыкма ачка адамдардын тамактануусуна гана жардам бербестен, шаарды пластиктен тазалоого да салым кошот.

Мындай кафелер Индиянын башка шаарларында жана Камбоджада да пайда болуп, жергиликтүү экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө колдонулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: