super.kg logo
  Спорт  

Абдымомунов Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарага катышты

 

Бүгүн, 12-сентябрда Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Ош облусунун Алай районунун Калама жайлоосунда өткөн Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган иш-чарага барды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алымбек датканын 225 жылдыгына карата спорттун улуттук түрлөрү ат чабыш, көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, ордо, тогуз коргоол жана салбуурун боюнча мелдештер уюштурулду.

Спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов оюндардын жүрүшү менен таанышып, алыш бел боо күрөшү боюнча спортчуларды сыйлоо аземине катышты.

Белгилей кетсек, мааракеге арналган улуттук спорттук оюндар Алай районунун Калама жайлоосунда 10-сентябрда башталган. Оюндар Спорт агенттиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Алай райондук мамлекеттик администрациясы ошондой эле Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: