super.kg logo

Непалдын өкмөтүн мурдагы Жогорку Соттун төрайымы Сушила Карки жетектеди

 

Непалдын президенти Рам Чандра Паудел мурдагы Жогорку Соттун төрайымы Сушила Каркини убактылуу өкмөттүн башчысы кылып дайындаганга макул болду. Бул тууралуу Himalayan Times басылмасы кабарлады.

Альтернативдүү талапкерлер катары Катмандунун мэри Бален Шах жана Дхаран шаарын башкарган Харка Сампанг каралганы менен, Сушила Карки президенттин колдоосун алды. Мурда Паудел Сушила Каркини дайындоодон мурун Жогорку Кеңешти таратуу керек деп талап кылган, бирок коомчулуктун басымы алдында позициясын өзгөрттү.

Өткөн жумада Непал бийлиги социалдык тармактардын иштөөсүнө тыюу салган. Бул жаштардын массалык нааразылыгын жаратты. Полиция менен кагылышууда 50дөн ашуун адам каза болуп, миңден көп адам жаракат алды. Кийин тыюу алынганына карабастан, нааразылыктар уланып, шаарларга аскерлер киргизилди. Көп өтпөй өкмөт башчысы менен президент отставкага кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: