Зеленский: "Украинанын жерин Путинге берүү менен согушту токтотуу – чечим эмес"
Украина президенти Владимир Зеленский согушту токтотуунун жолу катары Орусияга айрым аймактарды берүү идеясын четке кагып, бул убактылуу тыныгуу экенин, кийин жаңы кол салууларга алып келерин айтты.
"Путинге согушту токтотсун деп Украинанын жерин берүү — мындай болбойт. Бул чечим эмес. Бул — убактылуу тыныгуу. 2008-жылдагы Грузиядан кийин кандай болсо, 2014-жылдагы Крым менен Донецктен кийин кандай болсо, дал ошондой", — деди Зеленский Ялта Европа стратегиясынын (YES) жылдык жолугушуусунда сүйлөп жатып.
Зеленскийдин айтымында, убактылуу тынчтык эмес, согушту толук токтотуу, Украина үчүн кепилденген коопсуздук жана Орусиянын жоопкерчилиги зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.