super.kg logo

НАТО "Чыгыш күзөтү" аттуу операциясын баштады 

 

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте уюм "Чыгыш күзөтү" аттуу операцияны баштаганын билдирди. Анын айтымында, бул операцияга Улуу Британиянын, Даниянын, Германиянын, Франциянын жана башка өлкөлөрдүн күчтөрү жана каражаттары тартылат.

НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн башкы командачысы, АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн генералы Алекс Гринкевич "Чыгыш күзөтү" операциясы уюмга абадан жана жердеги коргонуу системаларын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Марк Рюттенин айтымында, операциянын себеби Польшадагы учкузсуз учактарга байланыштуу. Ал бул үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөдү.

"Орусия аба мейкиндигинде барган сайын кооптуу жүрүм-турум көрсөтүүдө, бул кабыл алынгыс", — деди Рютте.

10-сентябрга караган түнү Польшанын абадан коргонуу күчтөрү 19 дронду атып түшүргөн. Атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары үйлөрдүн биринин чатырын жабыркаткан. Польша бийлиги НАТОго уставдын 4-беренесин иштетүүнү, тагыраагы, мүчө мамлекеттер ортосунда жыйын өткөрүүнү суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: