Германия: Орусия менен мүмкүн болуучу согуш ядролук мүнөздө болот
Германиядагы "Сара Вагенкнехт — Акыл жана Адилеттик үчүн союз" (BSW) партиясынын лидери Сара Вагенкнехт Орусия менен түз кагылышуу болуп кетсе, ал сөзсүз түрдө ядролук согушка айланарын жана Германия ага туруштук бере албай турганын эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бизде март айында түзүлгөн канцлер Фридрих Мерц башында турган өкмөт бар. Ал Германияны акылсыздык менен согушка аралаштыра баштады, бир кадамдан экинчисине өтүп жатат. Украинага жоокерлер жөнөтүлөт. ХДС партиясынын саясатчылары азыр НАТО сыяктуу эле Украинанын үстүнөн дрондорду атып түшүрүүнү талкуулап жатышат. Бул өтө кооптуу кадамдар, биз алардан өз өлкөбүздү коргошубуз керек", — деди Вагенкнехт.
Вагенкнехт: "Орусия менен согуш — бул ядролук согуш. Германия мунун алдында алсыз", — деп эскертти.
Буга чейин ал Германия европалык саясатчылардын аракеттеринен улам Орусия менен түздөн-түз кагылышып кетүү коркунучу жогору экенин да билдирген. Анын айтымында, Орусия НАТО менен согушууга кызыкдар болбосо да, Германия жана Евробиримдиктин айрым саясатчыларынын аракеттеринен улам эскалация коркунучу күч бойдон калууда.
